Жаңы-Талап АА. Бизнес-өнөктөштөр учун жарыялоо

Жаңы-Талап АА. Бизнес-өнөктөштөр учун жарыялоо

Бизнес-өнөктөштөр учун жарыялоо АРИСтин АИД-3 кошумча каржылоо долбоорунун алкагында бизнес өнөктөштөрдү кызматташууга чакыруу. Урматтуу Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айыл аймагындагы бизнес өнөктөштөр, Айылдын коомчулуктарынын инвестициялык ассоциациясы АРИСтин АИД-3 КК долбоорунун алкагында баардык кызыктар тараптарды төмөнкү багыттагы Кошумча нарк чынжырчалары боюнча экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кызматташууга чакырат КНЧ: Эт, Сүт, Кол өнөрчүлүк, Сафлор Кызматташуу - жергиликтүү коомчулуктун киреше булактарын колдоо боюнча бизнес долбоорлорду ишке ашырууда АКИАнын, Айыл өкмөтүнүн жана АРИСтин өнөктөшү катары экономикалык долбоорлордо катышуудан турат. Бизнес өнөктөш өзүнүн сунушун бизнес план катары иштеп чыгат. Жергиликтүү коомчулук тарабынан колдоого алынган жана долбоордун талаптарына жооп берген сунуштар АРИС тарабынан каржыланат. Бул айыл аймагы үчүн АРИС тарабынан экономикалык долбоорду каржылык колдоонун көлөмү 41 мин доллардын чегинде болушу мүмкүн Кызыктар тараптар бизнес долборунун резюмесин жана кызыктар катын тапшыруу керек, тапшыруу үчүн шилтеме аркылуу өтүңүз https://docs.google.com/document/d/1LhRO0ee4tOWa49VtXxd0rmb-fcMRY6k_/edit кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү даректер менен байланышыныздар. Ватсап: 0702246766 Тел.: 0702246766 Эл.почта: Адрес: Жаны-Талап айылы, А.Кожеков көчөсү № 29

Points

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information