«Жаш бухгалтерди» тандоо

«Жаш бухгалтерди» тандоо

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КООМЧУЛУКТУ ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА ИНВЕСТИЦИЯЛОО АГЕНТСТВОСУ (АРИС) "ЖЕРГИЛИКТҮҮ КООМЧУЛАРДЫ КОЛДОО" ДОЛБООРУ (ЖККД) I. Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу (АРИС) «Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо» долбоорунун (ЖККД) алкагында квалификациялуу адамдарды «Жаш бухгалтер» (Жумуш орду: Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары) кызматына өтүүчү конкурска катышууга чакырат. Талапкер төмөнкү критерийлерге жана квалификациялык талаптарга жооп бериши керек: • бухгалтердик эсеп боюнча жогорку билим же орто кесиптик (атайын) билим; • КР бухгалтердик эсептин жол-жоболору боюнча тажрыйба; • бухгалтер катары тажрыйбасы; • кыргыз жана орус тилдерин эркин билүү; • англис тилин билгендер артыкчылыкка ээ болушат; • Microsoft Word жана Excel компьютердик программалар менен иштөөнү билүү; • 1С бухгалтердик учет алып баруу программасында иш алып барганды билүү. II . «Жаш бухгалтерди» тандоо «ИДК аркылуу карыз алуучулар үчүн Дүйнөлүк банктын сатып алууларды жөнгө салуу нускамасындагы» жол-жоболорго ылайык жүргүзүлөт (2016-жылдын июль айы, 2017-жылдын ноябрында жана 2018-жылдын августунда кайра каралган). III . Бул конкурска катышуу үчүн кызыккан талапкерлер [email protected] электрондук дарекке байланыш телефонун жана кайсы кызматка катышканы жатканын көрсөтүү менен резюмесин 2022-жылдын 14-майынын саат 17:30 ка чейин жибериши керек. IV . Белгиленген мөөнөттөн кийин тапшырылган документтер каралбайт. Маектешүү үчүн квалификациялуу талапкерлер гана чакырылат. Бул кызматтын техникалык тапшырмасын көрүү үчүн тѳмѳндѳгү шилтемеге кириӊиз: кыргыз тилинде https://www.aris.kg/uploads/docs/CASA1000/TOR_CASA_acc_kg.pdf, орус тилинде https://www.aris.kg/uploads/docs/CASA1000/TOR_CASA_acc_ru.pdf

Points

Жашым 32 де резюме жөнөтсөк болобу

Здравствуйте, а нужно ли высшее образование?

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information