Ош облусунан 14 фермер ийгиликтүү окуудан өттү

Ош облусунан 14 фермер ийгиликтүү окуудан өттү

⚡️Тренингдерибиздин экинчи күнү күрүчтү колдонуу менен инновациялык продуктуларды иштеп чыгууга арналды. ✅Тренингтин биринчи бөлүмүндө катышуучулар теорияны талдап, төмөнкүдөй суроолорго жооп алышты: Күрүчтү кантип туура өстүрүү керек? Күрүчтү кантип тандоо керек? Күрүчтү кантип тазалоо керек? Күрүчтүн кандай пайдасы бар? Кантип сорттоо керек? ✅ Түштөн кийин төмөнкүлөрдү практика жүзүндө үйрөнүштү: Күрүчтү туура куурууну Күрүчтүн ар кандай сорттору үчүн кууруу убактысын туура аныктоону Органикалык сулуулук каражаттарын даярдоону (скраб, самын) Күрүч чай, печенье жасоону, ошондой эле аларды башка чөптөр менен кантип аралаштырууну ✅Тренингтин соңунда ар бир катышуучу продукциянын туура таңгагын, сапатын көзөмөлдөө жана сертификациялоону үйрөнүштү. Бул келечекте рынокко чыгууга жана атаандаштыкка жөндөмдүү болууга жардам берет Тренингдин аягында бонус катары финансылык сабаттуулук боюнча мини сессия өткөрүлдү Ошондой эле, ар бир катышуучуга алган билимин бекемдөө үчүн китепче белекке берилди 🎁 Биздин тренерлер «ОСОП» бейөкмөт уюмунун өкүлдөрү болушту (БӨУ «Бир айыл – бир продукт»). ——— «АРАКЕТЧИЛ» долбоору Япония Өкмөтү тарабынан Дүйнөлүк Банк менен өнөктөштүктө каржыланып, Ага Хан Фондунун «Кыргызстандын тоолуу жамааттарын өнүгүүсүн колдоо программасы» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда.

Points

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information